• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КРнын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 147 адам кабыл алынат (алардын 125 — чоң адамдар жана 22 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Жарандарды кабыл алуу боюнча Жарлык.

Пикир

Оставить комментарий