• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз режиссерунун тасмасы Молдовадагы фестивалда мыкты катары таанылды

Маданият 0

Бишкек, 31-мая /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз режиссеру Аманбек Ажыматтын “Физрук, алтын, дарыя” тасмасы Молдовадагы эл аралык кинофестивалда “Мыкты кыска метраждуу тасма” катары таанылды. Бул тууралуу www.kyrgyzcinema.com сайтында маалымдалган.

Маалымат боюнча, 25-31-майда Кишиневдо “Хронограф” эл аралык даректүү тасмалардын фестивалы болуп өттү. Калыстар тобуна Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссер Таалайбек Кулмендеев кирген.

Т.Кулмендеев билдиргендей, XIV Эл аралык «CRONOGRAF» кинофестивалында кыргыз режиссеру Аманбек Ажыматтын “Физрук, алтын, дарыя” тасмасы “Мыкты кыска метраждуу тасма” сыйлыгын алды.

Пикир

Оставить комментарий