• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-октябрда КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана регионалдык күн тартибин талкуулашты, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле 2021-жылдын ноябрь айындагы өтө турган Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылын жабылыш аземи боюнча сааттарын тууралашты.

Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий