• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 7 айда аймактардагы долбоорлорду 2,7 млрд сомго каржылаган

Экономика 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун долбоорлорду каржылоосу 4,4 млрд сомду түзүп, анын ичинде 2,7 млрд сомго аймактардагы долбоорлор каржыланган. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ал 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Ал белгилегендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда. Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө программалар пилоттук тартипте ишке киргизилди.

«Мындан тышкары, аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн старт-ап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт. Окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», – деди Эркин Асрандиев.

Мындан тышкары, Эркин Асрандиев каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек.

Пикир

Оставить комментарий