• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагалыгына Азиз Аалиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жаңы төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды.

Аталган фонддон билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аалиев 2019-жылдан бери фонддун башкаруучулугунун мүчөсү болгон. Буга чейин өкмөттүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүн башкарган.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун мурунку төрагасы Эркин Асрандиев болгон. Ал 6-февралда вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий