• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-россиялык конференция: 700гө жакын катышуучу эмне тууралуу сүйлөшүшөт?

Экономика 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Бишкекте сегизинчи Аймактар аралык кыргыз-россиялык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, конференция Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өтөт.

"Россия Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Россия – соода-экономикадагы негизги өнөктөшүбүз. 2018-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,6 млрд. долларды түзүп, 2017-жылга караганда дээрлик 4%га өсүш болгон. Жалпысынан белгилеп кетсек, түз инвестициялардын келиши боюнча да Россия негизги инвестор болуп келет. 2018-жылы түз инвестициялар дээрлик 123 млн. долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 25%га өскөн", - деди ал.

Иманалиев белгилегендей, алдыдагы конференциянын максаты соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык ишмердикти бекемдөө болууда. Бул конференцияны даярдоонун алкагында кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи отуруму болуп өткөн.

"Сегизинчи Аймактар аралык конференциянын алкагында 700гө жакын катышуучу болорун күтүп жатабыз. Россия тараптан ага мамлекеттик органдардын, субъект жана аймактардын өкүлдөрү, губернаторлор катышат. Андан тышкары, конференцияда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ишкерлер жана инвесторлор катышат. Аймактар аралык конференция эки күнгө белгиленген: 27-28-март күнү. 27-мартта негизги иш-чаралар өтөт. Ага биздин расмий өкүлдөр катышат. Алсак, конференция 4 тегерек столго бөлүнөт: соода-экономикалык кызматташуу, кооперацияны өнүктүрүү маселеси, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында санарип технологияларын өнүктүрүү, айыл-чарба өнөр-жайы комплексинин кооперациясын өнүктүрүү жана инвестициялык, каржы кызматташууну өнүктүрүү", - деди ал.

Данияр Иманалиев соода-экономикалык кызматташуу боюнча өнөр-жай тармагында биргеликте ишкана түзүү, энергетика тармагында кызматташуу, алсак чакан ГЭСтерди куруу маселелери караларын белгиледи.

ЕАЭБдин санарип күн тартиби боюнча тегерек столунун алкагында анын "Санарип Кыргызстан" концепциясы менен байланышы каралат. Андан тышкары, бирдиктүү долбоорлор жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү талкууланат. Үчүнчү тегерек столдун жүрүшүндө аймактык хабдын алкагында биздин продукцияларды Россияга жеткирүү ж.б. маселелер боюнча сөз болот.

Төртүнчү тегерек столдун алкагында инвестициялык кызматташуу жана каржы инструменттерин өнүктүрүү талкууланат.

"Конференциянын алкагында инвестициялык макулдашууларды талкуулоо, В2В жолугушуулары өтөт. Эки тараптын тең кызыкчылыктары камтылган баардык долбоорлор көрсөтүлөт. Биринчи күндүн соңунда жыйынтык чыгарып, кол коюлган макулдашуу, меморандумдун санын жана контракттардын суммасын айтабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий