• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду жаңы насыялык продуктысын сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду "Кыргыз-Россиялык бизнес-өнөктөштүк" жаңы насыялык продуктысын сунуштады

Фонддон билдиришкендей, бул насыя боюнча пайыздык чен инвестициялык максатка жылына доллар менен 4%, ал эми сом менен 8%ды түзөт. Анын мөөнөтү (инвестициялык максатка) - 10 жыл. "Кыргыз-Россиялык бизнес-өнөктөштүктүн" насыяларын аймактарда 200 миң доллардан, ал эми Бишкекте 1 млн. доллардан тарта алууга болот.

"Эң башкысы өзүнүн долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, насыясынын төлөмдөрүн өз убагында төгүп турган ишкерлерге алар төлөгөн пайыздары жарымына чейин кайтарылат", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалыматты сайттан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий