• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-сауд бизнес форумунун экинчи жыйыны Бишкекте өтүшү мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, ошондой эле кыргыз-сауд ӨАКнын төрагасы болгон Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда быйылкы жылы кыргыз-сауд бизнес форумунун экинчи жыйынын Бишкекте жана Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын Эр-Риядда өткөрүү маселелери талкууланды.

Элчи Марипов кыргыз тарап бизнес-делегациялардын иш сапарларын уюштуруу жана эки өлкөнүн соода мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган түрдүү иш-чараларды өткөрүү аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, ошондой эле КР жана САЭ ортосунда түз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду. "Бул өз кезегинде туристтердин агымынын көбөйүшүнө, САЭге ата мекендик продукциянын экспортунун көбөйүшүнө, ошондой эле соода көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР элчиси Сауд Аравиянын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана чет элдик инвестициялар департаментинин башкы директору Абдулазиз Аль-Хувейшке 2022-жылдын февраль айында Эр-Рияд шарында жарманке-көргөзмөлөрдү жана кыргыз-сауд бизнес форумунун биринчи отурумун ийгиликтүү өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык грамотаны тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий