• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясынын элчиси Казакбаевди тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Элчи Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана саясий процесстерге карата Падышалыктын расмий позициясын билдирип, 2021-жылдын январь айында өтө турган президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Өз кезегинде министр Казакбаев элчи А. Аль-Джуманы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Сауд Арабиясынын алдында мындан мурда кабыл алган милдеттенмелерди аткарууну карманарына жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга кызыкдар экендигине ишендирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде саясий мүнөздөгү пикир келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр жок экендигин ырасташты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелеринин башчыларынын иш-сапарлары менен алмашууну, ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүүнү, ведомстволор аралык өз ара кызматташууну жандандыруу ж.б. талкуулашты.

Министр Казакбаев Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министри, канзаада Фейсал бин Фархандын 2021-жылы Кыргызстанга иш-сапары менен келүү ниетин кубаттады.

Тараптар инвестицияларды тартуунун, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. Министр Р.Казакбаев Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча Кыргыз Республикасында социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Арабиясынын көп жылдан бери жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мында, ал жалпы билим берүү мектептерди жана кеңири адистештирилген ооруканаларды куруу үчүн, айрыкча өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында куруу үчүн финансылык жардам тартуунун маанилүүлүгүнө элчи А. Аль-Джуманын көңүлүн бурду.

Тараптар ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана буга чейин кол коюлган келишимдерди толугу менен ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишишти.

Пикир

Оставить комментарий