• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына “Клексан” дарысын берди

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына 1,7 млн сомго “Клексан” дарысын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясынын алкагында каржы уюму борбор калаанын мэриясына 1 миллион 776 миң сом суммасына “Клексан” дарысынын партиясын өткөрүп берди.

Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана шаар тургундары үчүн Свердлов жана Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий