• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз спортчулары Ашхабадда өтүүчү Азия оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/.Кыргызстандын спортчулары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27 сентябрь күндөрү өтүүчү 5-Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу КР Улуттук олимпиада комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 150 спортчу барып, алар спорттун 14 түрү боюнча мелдешке катышышат.

Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына 65 делегация келип, 6 миңге жакын спортчу катышмакчы.

Ашхабад 9-сентябрда Азия оюндарынын отун жандырды.

Пикир

Оставить комментарий