• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик уул-кыздардан — президент

Президент 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. «Кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде.

Мамлекет башчысы Токио Олимпиадасы дагы аяктаганын, алдыда 2024-жылкы Париж шаарындагы (Франция) — жайкы Олимпиада оюндары турганын белгиледи.

«Кыргызстаныбыздын туусун желбиреткен жеңиштерди алып келүү үчүн туптуура үч жылдык катуу машыгууларга киришип жатасыздар. Мындай ийгиликтерге жетебиз десек, бир гана күрөштүн түрлөрүнө эмес, жеңил жана оор атлетика, бокс, сууда сүзүү сыяктуу спорттун башка түрлөрүнө да басым жасообуз керек. Аталган спорттун түрлөрү боюнча өлкөбүздө спорттук мектептерибиз бар. Чоң-чоң эл аралык мелдештердеги алтын, күмүш, коло медалдарды камсыз кылган спортчуларыбыздын чыгып жатканы ага далил. Сиздер „эң негизгиси катышуу“ дегендей Олимпиада оюндарынын жөн гана катышуучулары эмес, Мекенибиздин желегин желбиретип, гимнибизди жаңырышына умтулуу менен пъедесталга да жете аларыңарды далилдеп, көрсөттүңүздөр. Биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу болуп саналат. Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Себеби кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан. Ал эми мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам», — деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий