• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз спортчулары ушу боюнча Россияда өтүүчү дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ушу боюнча Кыргызстандын улуттук командасы Казань шаарында өтүүчү (РФ) ушу боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат.

Маалыматка ылайык, ушу боюнча мелдештин ачылышы бүгүн, 28-сентябрда Казанда өтөт.

Мелдешке 57 өлкөдөн келген 860 ашуун спортчу катышат. Чемпионат тарыхта биринчи жолу Россияда өтүп жатат. Мелдештин тумары ак илбирс болду.

Мелдеш эки тартип боюнча өтүп жатат – таолу (формалдуу көнүгүулөрдүн топтому) жана саньда (толук байланыштагы күрөш).

Кыргызстандын командасынын курамында: Туратбек Сулайманкул (48 кг чейин), Куан Абдыраимов (90 кг ашуун), Жоомарт Келдейбай уулу (75 кг чейин). Тагайбек Өмүржанов – башкы машыктыруучу.

Ушу боюнча мелдеш 1991-жылдан бери 2 жылда 1 ирээт өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий