• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз ССРинин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери Калдыбай Сатаров дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эли жана коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 25-апрелинде 87 жаш курагында Кыргыз ССРинин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери, «Ардак Белгиси» орденинин, «Эмгек Кызыл Туу» жана «Күжүрмөн Эмгек үчүн» медалдарынын ээси Калдыбай Сатаров дүйнө салды.

Калдыбай Сатаров 1934-жылдын 7-декабрында Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында туулган.

Калдыбай Сатаров эмгек жолун Москвадагы текстиль институтун аяктагандан кийин СССРдин жеңил өнөр жай тармагынын ири ишканаларынын бири болгон Фрунзедеги «Октябрдын 40 жылдыгы» кийим тигүү фабрикасында баштаган.

Ал 1956-жылдан тартып мастер болуп иштеп, карьералык өсүштүн бардык баскычтарын басып өтүп, кийин «Айгүл» фабрикасынын (мурдагы «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы кийим тигүү фабрикасынын) Директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Калдыбай Сатаров 1965-жылы Кыргыз ССРинин жеңил өнөр жай министри болуп дайындалган. Бул жогорку жана жооптуу кызматта ал

20 жыл иштеген. Кыргыз ССРинин төрт чакырылыштагы Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Анын жетекчилиги менен Кыргыз ССРинде, андан кийин Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жеңил өнөр жай продукциясы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылды.

Калдыбай Сатаров өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана мыкты кесипкөй адис катары мамлекет үчүн талыкпай эмгектенип, зор ийгиликтерге жетишкен.

Калдыбай Сатаровдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, А.К. Касымалиева, Н.О. Сыдыгалиев, И.Ш. Омуркулов, Ж.К. Турускулов, М.К. Алимбеков, Б.Э. Торобаев, А.Т. Сулайманов, С.К. Нышанов, К.Дж. Рыспаев, А.Дж. Джумагулов, А.Э. Новиков, У.Т. Кармышаков, И.Т. Гайпкулов, Ж.А. Асанкулов, К.А. Турдубаев, С.С. Аликеев, Н.У. Бараканова, С.Б. Бейшенов.

Пикир

Оставить комментарий