• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-түрк дипломатиялык алакасына 30 жыл. Казакбаев жана Чавушоглу куттуктоо каттары менен алмашышты

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-декабрында Кыргызстан жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглунун эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаевдин куттуктоосунда төмөнкүлөр белгиленген:

«Сизди Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

30 жыл ичинде Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу мамилелеринин туруктуу өнүгүүсүнүндө бири-бирине колдоо көрсөтүп, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн жолун басып өтүштү. Эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкта ийгиликтерге жетишүүдө Тышкы иштер министрликтеринин салымы зор экендиги талашсыз.

Алдыдагы мамилелер, достуктун, бир туугандыктын жана өз ара урматтоонун көп кылымдык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген кыргыз-түрк байланыштарын ар түрдүү тармактарда мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди каалайм».

Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри М. Чавушоглунун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен Сизди чын жүрөктөн куттуктайм.

Биздин элдерибиздин ортосундагы тилдик, маданий жана үй-бүлөлүк байланыштар менен бекемделген тарыхый мамилелерибиз жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында мындан ары да өнүгө берерине бекем ишенем.

Учурдан пайдаланып, Улуу Мартабалуу, Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм».

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий