• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн колдонууга берилди – Түркиянын элчилиги

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине колдонууга берилди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

"Глобалдык масштабда COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү жана жапа тырмак аракет кылуу эң негизги маселе болуп саналат. Бул алкакта Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн колдонууга берилгендигин маалымдайбыз", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий