• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын кимдер башкара турганы айтылды

Коом 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарында жакында ачыла турган кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын эки тарап үч жыл биргелешип башкарат, андан кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөрүлүп берилгенден кийинки дагы үч жыл аралыгында Түркия тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

Мындан тышкары, макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Стипендиант-студенттер Ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан тандалып, алардын саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн кошумча келишимдердин негизинде аныкталмакчы.

Түркия эки тараптуу келишимде камтылган чараларды ишке ашыруу максатында, кошумча 15 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду.

Кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Ушу тапта кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу аяктап калганы, зарыл болгон заманбап медициналык жабуулар келип жатканы, үчүнчү деӊгээлдеги заманбап оорукана ушул жылдын ичинде ачыла турганы белгилүү болду. Ошондон улам, келишимди ратификациялоо жол-жоболорун тездетүү зарыл, анткени ал жакын арада түрк парламенти тарабынан да ратификацияланууга тийиш.

Жогорку Кеӊеште Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий