• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында 22 жасалма дем алдыруу аппараты бар

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга колдонууга берилип жаткан кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы тиешелүү жабдыктар менен жабдылган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

"Ооруканада 2 операция залы, 21 кишилик реанимация, аны менен катар 22 жасалма дем алдыруу аппараты бар", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий