• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Хусейин Коч менен жолугушту.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга КРнын каржы, курулуш, жеңил өнөр жай, соода жана башка тармактарында иш алып барган түрк бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жалпысынан министрлер кабинети инвестициялык климатты, жеке секторду жакшыртууга, административдик чектөөлөрдү жоюуга, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды кыскартууга жана ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүүгө чоң көңүл буруп жаткандыгы айтылды.

Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болгондугуна жана алыскы чет мамлекеттер менен тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлегендигине байланыштуу жолугушуунун катышуучулары колдо болгон потенциалды эсепке алуу менен эки тараптуу соода жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чараларды көрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүүчү кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк бизнесинин өкүлдөрү курулуш жана өнөр жай тармагында бизнес жүргүзүүгө уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү мүмкүндүгү боюнча суроолорду беришти.

Ошону менен бирге эки тарапты тең кызыктырган кызматташтыктын башка тармактарына тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жолугушуунун катышуучулары кыргыз-түрк мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий