• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча 5 документке кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда, өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинин катышуучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Түркия Республикасынын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркия Республикасынын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– кеңешменин протоколу.

Пикир

Оставить комментарий