• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстандын мектептерине математика боюнча окуу китептерин берди

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Салидин Калдыбаевдин, мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Анварбек Мокеевдин катышуусунда китептерди тапшыруу иш-чарасы болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстандын мектептерине кыргыз тилиндеги математика боюнча “Жандуу математика-1” окуу китебинин 400 нускасын берди.

Иш-чарага китептин авторлору Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркүл Урдалетова жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Сыргак Кыдыралиев катышты.

“Биздин окуу китептин өзгөчөлүгү бир эле тема бир нече жолу башка темага, башка тапшырмалардын талаптарына байланыштуу ар башка өңүттө, күнүмдүк жашоодон алынган, текст түрүндө каралгандыгы болуп саналат. Тапшырмаларда балдарга тааныш адабий, мультфильмдик, кээде чыныгы турмуштук каармандардын аттары колдонулат. Бул аркылуу биз балдарды тажрыйбалык тапшырмаларды аткаруу ар түрдүү билимди талап кыла тургандыгына үйрөтүүгө аракеттенебиз”, - деп белгилешет авторлор.

Пикир

Оставить комментарий