• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-Түрк ооруканасы 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Түркия Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медицина тармактарындагы кызматташтыкка тиешелүү келишимди жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылышы, анын бирдиктүү иштелиши жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык адистиктер боюнча билим алуусу боюнча чаралар камтылган.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. «Ошону менен бирге, түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле, 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат», - дейт ал.

Андан тышкары, түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 млн доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми арткан акча оорукананын эсебинде кала берет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү тарабынан келишимде бир катар түшүнүксүз нерселер бар экени белгиленип, аны бул маселе парламентте каралганга чейин тактап келүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий