• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-Түрк ооруканасы 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Бишкек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылышы, бирдиктүү иштелиши жана өткөрүлүп берилиши менен, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык жана медицина тармагындагы адистиктер боюнча билим алуусу тууралуу келишимди жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. «Ошону менен бирге, түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Андан тышкары, 3 жыл аралыгында башкы дарегер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат», - дейт ал.

Андан тышкары, түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 млн доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми аркан акча оорукананын эсебинде кала берет. Ошондой эле, жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий