• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-Түрк ооруканасы ачылып, коронавирусту жуктуруп алгандар жаткырыла баштайт – Абдикаримов

Ден соолук 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргыз-Түрк ооруканасы ачылып, коронавирусту жуктуруп алгандар жаткырыла баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын пикиринде, учурда аталган оорукананын каржы жана башкаруу маселелери боюнча жыйынтыктоочу иштери жүрүп жатат. "Акыркы маселелер жыйынтыкталгандан соң оорукана ачылат. Учурда оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бейтаптардын саны массалык түрдө жогорулап кетсе, анда биз бул оорукананы колдонууга беребиз. Жакын арада оорукананы ачуу боюнча маселе чечилет", - дейт министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий