• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуккан бейтаптарды кабыл ала баштады - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы коронавирус жуккан бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оорукана коронавирустун орточо оор формасы менен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштады.

“Ооруканада 72 койко-орун даярдалып, анын 12си интенсивдүү терапия палаталары. Жалпысынан 35 медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлери бар”, - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, оорукана жаңы, бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июнга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1974тү түзөт. Алардын ичинен 1360 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий