• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-түрк ооруканасын куруу жана жабдууга $15 млн кетти – Мадемин Каратаев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын куруу жана жабдууга жалпысынан 15 млн. АКШ доллары кетти. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтуусунда, каражат грант түрүндө түшкөн.

"Гранттын суммасы 19 млн. долларды түзөт. Анын ичинен 15 млн. доллары имаратты куруу жана оорукананы керектүү технологиялар менен жабдууга кетти", - деди ал.

Каражаттын калган бөлүгү айлык акы төлөөгө жана жергиликтүү адистерди чет жакка окутууга сарпталат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев ушу тапта кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу аяктап калганын, зарыл болгон заманбап медициналык жабуулар келип жатканын, үчүнчү деӊгээлдеги заманбап оорукана ушул жылдын ичинде ачыла турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий