• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-түрк ооруканасында коронавирус жуктурган бир жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында коронавирус жуктурган бир жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруканада коронавирус жуктурган жарандар дарылануусун өтүүдө. "1965-жылкы эркек киши 7-июнда ооруканага келген. Келгенде эки тараптуу пневмония болгон жана дем алуу жетишсиздиги байкалган. Дарылануусуна карабастан саламаттыгы начарлап, каза болуп калды", - деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ал жаран 25-майдан бери бээнин сүтүн ичүү үчүн "Теплые ключи" эс алуу жайына барган.

"Эс алуу жайында жүргөндө дене табы көтөрүлүп, медицина мекемелерге кайрылган. Ал жерде жыйынтык бербегендиктен коронавируска анализ тапшырып, илдетти жуктуруп алганы аныкталган", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2789 учур катталды. Илдеттен 1961 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий