• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркмөнстан ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3-жыйынынын алкагында өтүп, тараптар регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо «Борбордук Азия-Кытай» диалогунун маанилүү ролун белгилешти.

Ж.Кулубаев жана Р.Мередов соода-экономикалык, инвестициялык, траснпорттук жана логистикалык, ошондой эле энергетика тармактарындагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгы, анын ичинде энергетикалык камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган алдыдагы кыргыз-түркмөн иш-чараларын бийик жана жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бул контекстте министрлер Кыргызстан президентинин Түркмөнстанга расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий