• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тай өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү сунушталды

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Таиланд Падышалыгынын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Дон Прамудвинай менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар өз ара кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Р.Казакбаев соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-тай өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү сунушун киргизди.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө, ошондой эле тараптардын кароосунда турган айыл чарба, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана спорт жаатындагы макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Министр Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Таиланд өкмөтүнүн ортосундагы «Аба каттамы жөнүндө» макулдашууну тез арада ратификациялоо жана эки тараптын ортосундагы «Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө» макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматташуунун бир катар негизги маселелери боюнча байланыштарды сактоо боюнча макулдашуу жетишилди.


Пикир

Оставить комментарий