• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз танкисттери Россиядагы “Танк биатлону - 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону - 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады.

Нет описания.

Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды.

Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келди.

Пикир

Оставить комментарий