• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз тасмалары Казандагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 23.08.18./Кабар/. Кыргыз тасмалары Казанда XIV Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Кинематография департаментинен билдиришти.

Казань эл аралык фестивалы 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин өтүп, ага 28 өлкөдөн 65 тасма катышат.

Тынай Ибрагимовдун “Жарык жана көлөкө” фильми кыска метраждуу даректүү тасмалар секциясы боюнча сынакка тандалып алынган.

Калвира Акчалованын “Жол” жана Чолпонай Бөрүбаеванын “Жашоо” тасмалары “постсоветтик мейкиндик” программасынын алкагында көрсөтүлөт. Ал эми Аскар Нуракун уулунун “Киноман” фильми сынактан тышкары секциянын алкагында көрсөтүлөт.

Андан сырткары коноктор Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасын көрө алышат. Ал сынактан сырткары көрсөтүлөт. Абдыжапаров калыстар тобунун курамында болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, фестивалдын программасы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардын (“Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Жамиля”, “Маңкурт”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”) ретроспективасын камтыйт.

Кинолордун көрсөтүлүшү автордун 90 жылдыгына арналган.

Кинофестиваль Татарстан Республикасынын борбору Казанда жыл сайын өтүүчү ири кинофорумдардын катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий