• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек ара маселеси кандай чечилүүдө? Ташиевдин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар дайым кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келет. Буга чейинки бийлик эч кандай аракет жасаган эмес. Өткөн жылдан тарта президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүүгө олуттуу чараларды көрүп жатабыз. Биз өзүбүз жашап жаткан аймактын чегиндеги мыйзамдын негизинде иш алып баруу ниетиндебиз. Биздин башка өлкөнүн аймагына кирүү максатыбыз жок жана болбойт дагы”, - деди УКМКнын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий