• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу — Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 4-май саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Мирзамир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, учурда саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө.

“Чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 120 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара заставасы, 1 медициналык борбор, 1 тиш оңдоочу бөлүм, 2 даарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана жана 3 тойкана күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий