• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу – Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. 2021-жылы 1-мартта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында Кыргыз Республикасынын Лейлек району багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен Тажикстан Республикасынын Ганчинск багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Лейлек районунун Интернационал айылынын жашоочусу тарабынан жүргүзүлгөн чарба иштери боюнча маселе талкууланууда.

“Кыргызстандын жараны мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан өзүнүн үйүнүн аймагында атайын техниканы колдонуу менен жер кыртышын тегиздөө боюнча иштерди жүргүзө баштаган. Кыргызстандыктын аракети коңшу аймактагы жашоочулардын кыжырын келтирген. Кыргызстан жана Тажикстан тараптан мамлекеттик чек ара линиясына 10-15 тен адам чогулган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Чыр-чатак чыгарбоо жана мамлекеттик чек ара линиясына жакын жерде иштерди токтотуу максатында окуя болгон жерге КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү барышкан.

Учурда чек арага жакын жайгашкан райондордун жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий