• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу мыйзамсыз жүктү алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.02. /Кабар/. 2020-жылдын 2-майында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз жүктү алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жарандарын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 1998-жылы туулган У.А., жана 1990-жылы туулган Ю.Х., аттуу жарандары Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук жерлигинде өткөрүү жайынан сырткары жерден Тажикстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

Чек арачылар VOLVO FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 20 тонна кургатылган жемиш (сухофрукты) табылган. Ошол эле учурда айдоочуда жүккө тиешелүү болгон эч кандай коштомо документтери болгон эмес.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң жүк жана кармалган жарандар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий