• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши тийиш экендиги айтылды.

Тараптар аскер техникасын токтоосуз түрдө туруктуу жайгашкан ордуна кайтарууга киришүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ар тараптуу олуттуу пикир алмашуу болду.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен чек арага тийиштүү бардык маселелерди өз-ара түшүнүшүү жана өз-ара ишеним духунда чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий