• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты.

Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз-ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өттү, анда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий