• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасы: Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта саат 10:51де кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегаттарынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

"Дача" (КР) аймагына - КРнын вице-премьер министри Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, КР Ички иштер министринин орун басары, КР транспорт жана жолдор министри, КР Башкы прокурорунун-аскерий прокурордун орун басары, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү. Тажикстан тараптан - премьер-министрдин орун басары Иброхим Азим, ТР УКМКнын АБ прокурору, транспорт министри, ТРнын Башкы прокурорунун-аскерий прокурордун орун басары, Согдий облусунун төрагасы, Ички иштер министри, Согдий облусунун прокурору, Мамкаттоонун республикалык жана облустук өкүлдөрү, Согдий облусунун аскерий прокурору келишкен.

Жалпысынан учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий