• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кайрадан ок атылды. Милиция калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кайрадан ок атылды. Учурда Баткен облустук милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-августунда таңкы менен саат 05:30дар чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине көздөй ок чыгарышкан.

Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкерине белгисиз куралдан ок тийип, жаракат алгандыктан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле 6-август күнү кечки саат 18.30дар чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде Көк-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы Р.М., өзүнүн үлүш тилкесинде иштеп жүргөн жеринде Тажикстан Республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам белгисиз ок атуучу курал менен Р.М., аттуу тургунга карата ок чыгарган. Натыйжада ага оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Аталган фактылар Баткен РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий