• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, кошумча күчтөр алынууда

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 2-майында саат 13.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлер курамынан турган биргелешкен комиссиясы кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына тартып кетүү иштерин улантууда.

Бүгүн Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты. Азыркы тапта комиссия Баткен облусунун Баткен районунун Аксай жергесинде иштеп жатат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек ара чыр-чатагы башталгандан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий