• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрмө жайы иштейт. Анын ичинен төртөө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. 17-сентябрь күнү "Кулунду - автоунаа жол" көзөмөл өткөрүү жайында тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Башка өлкөнүн жарандары ал өткөрмө жайынан эч кандай тоскоолдуксуз өтө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, КР Чек ара кызматынын чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий