• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, бир аскер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, тажик тарап биринчилерден болуп Кыргызстандын Максат айылындагы чек ара бекетин жана Баткен облусунун Лейлек районундагы убактылуу коюлган Сай чек ара бекетин аткылаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери курман болду. Саат 21:30га карата ок атышуу токтогон.

"Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Ага жооп катары Кыргызстандын жараны аталган аймакта жайгашкан үйүнүн айланасын тосо баштаган", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуп, анда жаңжалдын мындан ары ырбап кетпеши үчүн тараптар курулуш иштерин токтотуу керектиги айтылган.

"Бирок, ага карабастан Тажикстандын жарандары курулуш иштерин уланткан. Ага жооп кылып кыргызстандык жаран да курулуш иштерин уланткан", - деп кабарлашты Чек ара кызматынан.

Кечки саат 19:30дар чамасында тажик чек арачылары орой түрдө Кыргызстандын жаранынан курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. Ортодогу чыр ок атышууга чейин жеткен.

Пикир

Оставить комментарий