• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11-12-ноябрь күндөрү Баткен облусунан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган жергиликтүү бийлик жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажик Республикасынын Согди областынын төрагасынын орун басары Бахавиддин Бахадырзода жетектеген жетекчилери кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тарап пандемиядан улам жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерине байланыштуу жолугушууларда тыныгуу болгондуктан, топтолгон бир катар маселелерди талкуулоо үчүн жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда тараптар акыркы учурда чек аралаш аймактарда орун алып жаткан нааразычылыктардын себептери тууралуу сүйлөшүштү.

Жетекчилер Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин тактала элек аймакта курулуш курбоо, зарыл болгон курулуштарды Өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Ошондой эле тактала элек аймактарда кандайдыр бир иш аракеттерди жасоодон мурда, кошуна өлкөнүн тийиштүү органдарына маалымдоо керектиги дагы бир ирет белгиленди.

Жетекчилер чек аралаш аймактагы элдин коопсуздугу үчүн чыр чатактарга жол бербөө, анын себептерин аныктоо менен жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү боюнча макулдашышты.

Андан тышкары, кыргыз-тажик элдеринин ынтымагын, кошуналык карым катнашын бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий