• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр чечилди – Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр чечилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнь күнү тажик тарап, Баткен районундагы Таш-Тумшук конушунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкесинде жалпы колдонуудагы Исфара – Аксай – Ворух унаа жолунун бир бөүгүндө асфальт төшөө иштерин баштаган. Бул иштерди тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашкан эмес.

Белгилүү болгондой, тажик тарап жалпы колдонуудагы жолду мыйзамсыз түрдө саат 20:00дөн 21:20га чейин жаап алган. Чек арачылардын иштерди токтотуп, жолду ачуу талаптары аткарылган эмес. Ал өз кезегинде тараптар ортосундагы чырга алып келген.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушкандан кийин жолдогу иштер токтотулган.

Жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек ара өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук-коргоо органдарынын жолугушуусу уланат.

Пикир

Оставить комментарий