• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан жок – Акрам Мадумаров

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын маалыматына таянсак, тажик ММКлары кыргыз жараны Тажикстандын жаранына ок чыгарды деп жалган маалымат таратышкан.

«Маалымат чыккандан кийин биз облустук деңгээлде укук коргоо органдарына аталган фактыны текшерүү боюнча тапшырма бердик. Бүгүнкү күндө алдын ала маалыматтарга ылайык, туугандар арасында турмуш тиричиликке байланышкан үй-бүлөлүк чыр чыкканы белгилүү болду. Башкача айтканда, Кыргызстандын жараны коңшу мамлекеттин жаранына ок чыгарган эмес», - деп түшүндүрдү ал.

Мадумаров баса белгилегендей, чыр тажик жарандарынын ортосунда чыккан.

«Тиричиликке байланышкан үй-бүлөлүк чыр келин менен кайнисинин ортосунда чыккан. Келиндин жолдошу Россияда экен, кайниси ага ок чыгарган», - деп маалымдады өкүл.

Пикир

Оставить комментарий