• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты – окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрь күнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу болду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун (Баткен облусу) Көк-Таш айылында тактала элек чек ара тилкесинде шарттуу чек ара кеткен чекке жакын жерде Тажикстандын жарандары тосмо тургуза баштаган.

Андан кийин Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, ал жумуштарга каршы экенин билдиришкен. Эки өлкө жарандары ортосунда кайым айтышуу башталган.

"Окуя жерине Кыргызстандын чек арачылары барып, Тажикстандын жарандарынан чек аранын такталбаган тилкесиндеги иштерди токтотууну талап кылган. Бирок алар чек арачылардын талаптарын аткаруудан баш тарткан", - деп билдиришти ведомстводон.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басарынын катышуусу менен жолугушуу өткөрүүдө. Анда кыргыз тарап, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы тактала элек чек ара тилкелерин аныктаганча баардык иштерди токтотууну талап кылууда.

Пикир

Оставить комментарий