• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Учурда абал тынч

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал Баткен облусунун башчысынын көзөмөлүндө, - деп билдирет өкмөттүн аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

"Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзгөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары, буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, курулушту токтотууну талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун тапшырмасына ылайык, өкүлдүн аппаратынын укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары А. Набиев, Тажик республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрдү.

Чек арадагы абал ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, учурда абал тынч.

"Бүгүнкү болуп өткөн окуяга Тажикстан Республикасынын Исфара районунун басма сөз кызматы тараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Туура эмес, чагымчыл маанайдагы мындай маалыматтар, чек арадагы пикир келишпестиктерди курчутууга себепкер болот деп эсептейбиз", - деп баса белгилешти өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий