• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында ири көлөмдөгү чылым аткезчилиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен жарым миллион сомдук тамекини алып бара жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аткезчилик жүк кыргыз-тажик чек арасынан кармалган.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Булак-Башы айылында чек арачылар “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа менен мыйзамсыз түрдө өткөрмө көзөмөл пунктун айланып Тажикстандан Кыргызстанга аткезчи жүк – чылым ташып өткөн 1993-жылы туулган М.А. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Жүктүн жалпы наркы 500 миң сомдон ашык болгон.

Аныкталган жүктүн акциздик маркасы жана документтери жок болуп чыккан.

КРнын административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексине ылайык жаранга айып салынып, жүк УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий