• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 27-февралда болжол менен саат 06:39да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий