• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кечээ, 14-октябрда саат 13:12лер чамасында Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө катталган.

ӨКМден кабарлашкандай, жер титирөө Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске сала кетсек, кечээ ошондой эле Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Пикир

Оставить комментарий